Экотехинспекциянын адистери жана милиция кызматкерлери рейд уюштурган.

Анын натыйжасында Токтогул районунун Жаңы-Жер жайлоосунда жергиликтүү 2 тургундун үйүнөн аюунун эти менен териси табылган.
Кармалган эки жаранга Токтогул РИИБи тарабынан кылмыш иши козголуп тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Тянь-Шань күрөн аюусу Кыргызстандын Кызыл китебиндеги жоголуп бара жаткан жапайы айбанаттардын катарына кирет. Ошондой эле анчылык кылууга тыюу салынган. Азыркы тапта статистика боюнча Кыргызстанда 300 баш Тянь-Шань күрөң аюусу бар деп эсептелет.