Армениянын жаштар жана спорт боюнча министрлиги спортчулардын көчмөндөр оюндарына катышкандыгы тууралуу билдирүү жасады.
Армения расмий түрдө көчмөндөр оюндарына келе турганын жарыялаган эмес.
«Ошол эле учурда оюндардын уюштуруучулары Армениянын спорт боюнча башка федерацияларына кайрылган. Ошондон улам айрым спортчулар өз алдынча Армениянын министрлигине кабарлабай эле оюндарга келип катышышкан», — деп айтылган.
Министрлик спорт федерациясынын лицензия боюнча дагы караштыра турганын кабарлаган. Мындай өз алдынча кадамга барган спортчулар эл аралык мелдештерге катышуу укуктарын жогото турганын айтышкан.
Автор: Нуркыз Маматова






























