Жогорку КеңештинтТөрагасы Чыныбай Турсунбеков бүгүн Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында облустук бириктирилген ооруканын неврология бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышына катышты.
Ал Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов баштаган облус жетекчилери, медицина кызматкерлери менен чогуу жаңы имарат менен таанышып чыкты.
Учур талабына ылайыкталып салынган 70 орундуу бул имараттын ачылышында төрага бийик тоолуу аймактарда иштеген медициналык кызматкерлердин эмгеги тиешелүү деңгээлде бааланышы керектигин баса белгиледи.
Бийик тоолуу, жетүүгө шарты оор аталган облуста неврология дартына чалдыккан бейтаптарды аталган бөлүм гана дарылайт. Жылына 1700 чамасында бейтаптар кабыл алынат. 2012-жылы Жогорку Кеңештин тиешелүү чечими менен 2-кабаттуу бул имараттын курулушу башталган. Жарыяланган тендерди “ЭКА-РАС-5” фирмасы утуп алган. Жалпы курулушка 62 миллион сом каралып, бул сумманын 7,5 милллион сомуна тиешелүү техникалык жабдуулар менен эмеректер сатылып алынган.





























