Кыргыз менен хакас байыркы бир эл болуп саналат. Алар азыр башка болгону менен ата-теги бир. Тагыраак айтканда байыркы Эне-Сай кыргыздарынын урпактары. Эки элди бөлүүгө аракет кылгандар азыр дагы бар.
«Кыргыздар Эне-Сай, Моңголиянын жергиликтүү эли болуп саналат. Алар Теңир-Тоого бир нече этап менен көчкөн. Ал биздин заманга чейин эле башталып, акыркысы XVII кылымга чейин уланды. Биз азыр өзүбүздү хакас деп атаганыбыз менен байыркы кыргыздарбыз деп эсептейбиз. Кыргыздардан бир нече эл бутак болуп чыгып, өзүнчө этносту түзүп калышты. Эне-Сай кыргыз каганаты, Улуу Кыргыз Дөөлөтү кыргыз менен хакастардын орток мамлекети, Барсбек орток каганыбыз болуп эсептелет» деп билдирди Saat.kgге хакас элинин тарыхчы, этнографы Виктор Бутанаев.
Кыргыздардын эл болуп калыптануусу боюнча XIX кылымдан тарта окмуштуулар ар түрдүү пикирлерди айтып келишет. Алардын пикири боюнча кыргыздар Теңир-Тоого Эне-сайдан келген деп айтылса, айрымдары Теңир-Тоонун жергиликтүү эли деп аташат. Тарых илиминде Эне-Сайдан келген уруулар менен Теңир-Тоодогу уруулардын аралашуусунан пайда болгон деген да пикирлер бар.
Москва мамлекеттик университенин профессору теги хакас Леонид Кызласов Эне-Сайдагы кыргыздар менен Теңир-Тоодогу кыргыздар эки башка эл, хакастар менен кыргыздардын байланышы жок. Байыркы Эне-Сай кыргыз каганаттары булар хаккастарга таандык. Түштүк Сибирде байыртан бери эле хакас деген эл болгон деген жобону таңуулаган. Бул азыркы хакастардын улутчул сезиминде түнөк тапкан, бирок тарыхый жактан четке кагылган жоромол эле. Ошондой эле союз мезгилинде Кыргызстан компартиясынын идеологиялык кысымы менен Эне-Сай кыргыздарынын тарыхынан баш тарткан жобо да таңууланган. Анда Теңир-Тоодогу кыргыздар Орто Азиядагы элдер менен тектеш пайда болгон деп белгиленет. Эне-Сай кыргыздары булар хакастар деп айтылат. Ал эми бүгүнкү күндө биздин коңшу өлкөлөр да кыргыздар менен энесайлык түрк тилдүү элдерди байланыштырбай окуу китептеринде башка-башка жазып келишет.
«Хакасия автономдуу республикасы Орусия Федерациясынын курамындагы субъект болуп саналат. Анда хакастардын жалпы саны 100 миңден ашуун, анын 70 миңи Хакасияда. Алардын жок болуп кетүү коркунучу бар. Жаштар хакас тилин унутуп баратышат. Мекептерде орус тилин билсең жетиштүү, хакас тилинин эмне кереги бар деген пропаганда менен тилди жок кылышууда», -деди В. Бутанаев.
Ошондой эле Бутанаевди тилдин жоголушу жана ал боюнча жаштарды көп ойлондурбаганы тынчсыздандырат.
Виктор Бутанаев быйыл 70 жашка толуп, анын мааракеси Орусияда жана Кыргызстанда белгиленди. Ал Орусиядагы көрүнүктүү этнограф, хакас элинин заманбап тарыхчы, окумуштуусу, педагог, тарых илиминин доктору жана профессору.