Эртең Бишкекте КМШ (Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги) мамлекет башчыларынын саммити өтөт. Ал Кыргызстанда үчүнчү жолу өткөрүлүп жатат.
Шериктештиктин 25 жылдык юбилейи
Шериктештик 1991-жылы негизделип, биринчи саммит ошол эле жылы Казакстанда өткөрүлгөн. Курамына Азербайжан, Армения, Беларусия, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Украина кирет. 2007-жылдан берки КМШнын башкы катчысы Сергей Лебедев. Быйылкы жылдын башынан бери президент Алмазбек Атамбаев төрагалык кылууда.
Кыргызстанда 1992-жылы жана 2008-жылы эки жолу өткөрүлгөн. Былтыр Казакстандагы Бурабай жергесинде болгон саммитте Кыргызстанга кийинки иш-чараны Бишкек шаарында өткөрүү төрагалыгы тапшырылган.
Быйылкы жыл менен КМШнын 25 жылдыгы белгиленет. Саммитке алты президент катышары айтылууда. Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Тажикстан жана Орусиянын мамлекет башчылары келет. Андан сырткары Молдованын өкмөт башчысы, Өзбекстандын тышкы иштер министри, Түркмөнстандан премьер-министрдин жардамчысы, Украинадан элчи катышат. Молдова учурда президенттик шайлоого даярданып жатканына байланыштуу өлкө башчысы саммитке катыша албайт. Түркмөнстан президенти Алмазбек Атамбаев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, конституциялык реформага байланышкан маанилүү саясий иш-чараларга байланыштуу өкмөт башчысынын орун басары катышарын билдирген.
Саммитте кандай маселелер каралат?
Былтыркы Бурабайда өткөн саммит БУУнун 70 жылдыгына арналып, эл аралык терроризмге каршы күрөшүү маселелери каралган.
Эртеңки КМШ өлкө башчыларынын кеңеши түш оой “Ала-Арча” резиденциясында башталат. Башкы катчы Сергей Лебедевдин билдирүүсү боюнча бул жолу саясий, гуманитардык кызматташууга жана коопсуздукту камсыздоого байланышкан долбоорлуу 13 документ каралганы турат.
Кызматташууну кеңейтүү максатында 2017-жылды «үй-бүлө» жылы деп жана 2018-жылды «КМШгы маданият жылы» деп атоо, ошондой эле Азербайжанда боло турчу “Шериктештиктин маданият борборлору” программасын 2017-жылы ишке ашыруу жана ал программага өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелери каралат.
Мында мамлекет башчылары 2017-жылдын кезектеги саммитин кайсы өлкөгө өткөрүп берүүнү чечет. Кыргызстандан кийин Орусия төрагалык эстафетаны алышы мүмкүн экени айтылууда.
Планда 2017-19-жылдарга карата терроризмге, экстремизмге каршы күрөшүү жана 2016-20-жылдарга карата маалымат технологияларын колдонуу менен ишке ашырылып жаткан кылмыштарга каршы күрөшүү программалары талкуулоо да бар. Андан сырткары экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында 2020-жылга карата эл каттоо маселеси күн тартибине коюлуп, коопсуздукту камсыздоого багытталган бир катар маанилүү документтердин долбоорлору ортого салынат.
Даярдыктар кандай?
Конокторду сыйлоо үчүн 6 млн 360 миң сом бөлүнгөн. Жалпысынан алганда 200 кг казы, 80 кг карта, 100 кг форель, 300 сёмга балыгы сатылып алынмай болду.
Жогорку даражалуу конокторду тосуу үчүн “Манас” аэропортуна кетүүчү трасса оңдолду. Көчө бойлото жайгашкан 140 жарнама баннерлери алынды. Фучик жана Жибек Жолу көчөлөрүнө ызы-чуу өткөрбөй турган тосмолор коюлуп, аялдамалар жаңыланды. “Ала-Арча” резиденциясына боз үйдүн формасындагы конок тосуучу жай курулуп, 1,5 млн сомго тейлөөчү кызматкерлерге атайын форма тигилди.
Коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоо үчүн ИИМден 3 миң милиция кызматкери кызматта болот. 15-17-сентябрга чейин борбордук көчөлөр маал-маалы менен убактылуу жабылат.
Саммиттин пайдасы канчалык?
Көз карандысыз серепчи Марс Сариевдин айтымында, КМШнын 25 жылдыгына карата юбилейлик саммиттин бул жакта өтүшү Кыргызстандын имиджине жакшы таасир берет.
“Маалыматтык айдыңда ал Кыргызстанды жакшы жагынан көргөзөт. Бирок, КМШ өзү азыр анча таасирдүү уюм болбой калды. ССРБ тараганда мурунку биримдикте болгон өлкөлөрдүн тарашын утурлай түзүлгөн шериктештик эле” – дейт серепчи.
1991-жылдан бери мамлекет башчыларынын кеңешинин 43 отуруму жана өкмөт башчыларынын 67 отуруму болгон. Жалпы 2 миң 410 документ кабыл алынып, анын 799у өлкө башчыларына жана 1 миң 611и өкмөт башчыларына таандык. Бишкектеги алгачкы саммитте 21, экинчисинде 22 документ кабыл алынган.
Сариев келген лидерлер 17-сентябрдагы Алмазбек Атамбаевдин туулган күнүнө карата кала турган болсо ички саясатка таасирин тийгизбей койбойт экенин кошумчалайт .
“Себеби, буга чейин көчмөндөр оюндары өттү. Алардын калуусу президентке утуш болот, анын позициясы күчөйт. Эки тараптуу сүйлөшүүлөр орун алып калса, Путин тарабынан жардам берүүгө убада берилип калышы мүмкүн” – дейт ал.
Ал эми саясатчы Эдил Байсалов болсо кезек-кезеги менен эгемендүү мамлекеттердин арасында конок тосуп туруу, уюштуруу өлкөнүн жүгү эмес милдети деп эсептейт.
“Бул бир жагынан милдетибиз болсо, экинчи тарабынан жетишкендигибиз. Эгемендүүлүктүн берген жемиши. Мындай мүмкүнчүлүк ар бир эле мамлекетке келе бербейт. Жүк катары деле сезбейм, чыгымдарды көтөрүп, башка элдердин деңгээлинде тосуп алып, узатып коюу өзүбүзгө жакшы деген ойдомун. Муну менен сыймыктануу керек” –дейт Байсалов.