Акыркы күндөрү чоң спорттогу көп талкууланган окуя катары кызытма чырын айтсак болот.

Чоң спорттун жүзү кандай?

Алгач эл аралык кызытмага каршы агенттик (WADA) Орусияны айыптап Сочидеги Олимп оюндары таза өткөн эмес деп билдирген. Андан соң мельдоний тыюу салынган дарылардын катарына кирип, бир катар спортчулар кызытма колдонду деп айыпталып, спорттук арбитраждык сот өз өкүмдөрүн чыгара баштаган.

Алардын арасында дүйнөнүн биринчи ракеткасы Мария Шарапова бар. Аны сот эки жылга чоң спорттон четтеткен.  Андан тышкары, тизмеде Екатерина Боброва (олимпиада чемпиону), Семен Елистратов (олимпиада чемпиону), Александр Маркин (универсиаданын эки жолку чемпиону), Павел Кулижников (дүйнөнүн 5 жолку чемпиону) жана башкалар кирген.

Мария Шарапова

Ушул эле себеп менен Рио олимп оюндарына жакын МОК Орусия жеңил атлеттер курамасын четтетти. Алардын арасында белгилүү Елена Исинбаева да кирген. МОК спортчуларды өзүнчө карап чыгуудан баш тарткан.

Кызытма чыры Олимп оюндары болуп жатканда да басаңдаган жок. Коло медалга ээ болгон кыргызстандык Иззат Артыков медалдан айрылган биринчи спортчу болду. Спорттук арбитраждык сот Артыковдун жетишкендиктерин жок кылды.

Иззат Артыков

Параолимпиада оюндары да ызы-чуу менен коштолду. Орусия курамасы толугу менен оюндардан четтетилди.

Чын-төгүнү аныкталган документтер

wada1

13-сентябрда эл аралык допингге каршы агенттигинин (WADA) сайты «Fancy Bears» хакердик тобу менен талкаланды. 

Анда дүйнөнүн буга чейинки биринчи ракеткалары  Серена Уильямс 2010-2014-2015-жылдары жана Винус Уильямс 2010-2011-2012-2015-жылдары бир нече жолу тыюу салынган дарыларды ичип келишкендиги айтылат. Документте дарылык үчүн ичкен деп жазылган. Бирок спортчулардын диагнозу көрсөтүлгөн эмес.

ракетки

Ал эми белгилүү жеңил атлетчи олимпиада чемпиону Симона Байлз август айында метилфенидатка (психостимулятор) берген кызытма тести оң натыйжа көрсөтсө да, ал оюндан четтетилбей 4 алтын медаль алууга жетишкен.

2012-2013-2014-жылдары спортчуга кызытма колдонууга уруксат беришкен.

Рионун олимп чемпиону Елена Делле Дон амфетаминге жана гирокортизонго карата берген тести оң натыйжа көрсөтсө да, аны WADA четтетмек турсун андан ары колдонууга мүмкүнчүлүк берген.

«Талкаланган сайттан ачыккан чыгарылган документтерди териштирген соң биз АКШ командасынын оюндары таза эмес экенине көзүбүз жетти. WADA жана МОК коррупция  малынган жана сатылып кеткендигин көрсөткүбүз келди», — деп жазып чыгышкан хакерлер

WADA бул документтерде жазылган маалыматтар туура деп моюнга алып, кээ бир спортчулар актана башташты.

«Мен кичине кезимден бери эле психологиялык оорулар менен ооруйм. Мээримдин жетишсиздиги жана гиперактивдүүлүк. Ошондуктан дары ичип келгем. Мен таза спортко ишенем»,- деп Симона Байлз твиттердеги баракчасына жазып чыккан.

Симона Байлз

Бирок WADA расмий түрдө түшүндүрмө бере элек.

Документтердин экинчи бөлүгүнөн олимпиада призерлеру Мише Алоян, Сема Дормана, Роберт Хартинг жана башка белгилүү спортчулардын кызытма тести оң натыйжасын көрсөткөндүгүн билсе болот.

Бирок коомчулук спортчуларды айыптоодон алыс.

«Бул жерде спортчулар күнөлүү эмес. Балык башынан сасыйт. WADA расмий түрдө уруксат берип жатпайбы. Чоң спортто мындай баш аламандыкка жол бербеш керек. Эгер адам катуу ооруса анда ал жөн гана спорттон алысташы керек. Бул бою кичинекей адам баскетбол ойной албайт дегенге окшош»,- деп Тагессшпигель жазып чыккан.

Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын басма сөз катчысы Кабыл Макешов чоң спортто кызытма колдонуу укугун сатып алуу пайда боло баштаганы өкүнтө турганын айтты.

«Иззат Артыков аппеляция бергени менен спорттук арбитраждык сот бул арызды карабай коюушу толук ыктымал. Артыков эки жылгы диквалификацияланышы мүмкүн. Кызытма  көпчүлүк спортчуларда чыгып жатышы буга чейинки жыйынтактарга эч кандай кедергисин тийгизбейт. Чоң мамлекеттер жаап -жашырып келиши жана бизге окшогондор кылтакка илиниши WADAнын жана азыркы спорттун чоң көйгөйлүү маселелери бар экендигинен кабар берет», — дейт.