Азыркы тапта ТИМ министрлеринин тар чөйрөдөгү отуруму болууда. Түштөн кийин өлкө башчылары жолугушат.

Отурумга КРдин тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев төрагалык кылууда. Алар өлкө башчылары кол коё турган бир катар документтердин долбоорлорун карап чыгышууда. Андан сырткары, КМШ ТИМдери аралык кызматташууну талкуулашат.

Отурумга тышкы иштер министрлери — Армениядан  Эдвард Налбандян, Беларусиядан Владимир Макей, Казакстандан Ерлан Идрисов, Орусиядан Сергей Лавров, Тажикстандан Сирожиддин Аслов, Өзбекстандан Абдуласиз Камилов, Азербайжандандын ТИМ министринин орун басары Халаф Халафов, Украинанын атынан аталган өлкөнүн КРдеги элчиси Николай Дорошенколор катышууда.