Үч ай ичинде курулуш тармагындагы дүң продукциянын жалпы көлөмү 15 млн 729 миң сомду түздү. Былтыркы жылдын биринчи кварталына караганда 0,1%га өстү.
2015-жылдын январь-мартында андан мурунку жылга салыштырмалуу курулуш 3,2%га төмөндөп кеткен эле.
Биринчи кварталда кызмат көрсөтүү тармагы дагы 2,4%га өстү. Дүң жана чекен соода, унаа оңдоонун көлөмү 5,1% көбөйгөнүн каржы министрлиги белгилейт.