17-сентябрда Нью-Йорк шаарынын Челси аймагында жардыруу болуп, андан 29 адам жабыркаган.

Алар ооруканага жеткирилген. Жабыркагандардын ичинде айрымдары оор жаракат алган.

Андан тышкары, эки жарыла элек бомба табылган. Нью-Йорктун башкармалыгы бул атайын жасалган акт деп баалаган.