Бүгүн парламенттеги конституциялык мыйзамдуулук комитетинин жыйынында  Чолпон Жакупова адамдардын укуктарынын сакталуусу боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушу менен чыккан.

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов депутаттарды президенттин тапшырмасы менен марадерлук, банк ячейкалары, сепаратисттердин лидери Кадыржан Батыровдун качып кетүүсү  боюнча  жүрүп жаткан иликтөө иштеринин жыйынтыгын күтүүгө чакырды.

Президент башкы прокуратурага Текебаевдин маалымат жыйында айткан сөзүн текшерүүгө тапшырма берген. Текебаев Атамбаев мурдагы Бакиевдин жерине үй салып жаткандыгы тууралуу айткан.

Ошондой эле вл кандайдыр куугунтуктарга каршы экенин белгиледи.

Кечээ «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана коомдук ишмер Эдил Байсалов саясий куугунтук болуп жаткан өңүттөгү сөздөрүн айтып маалымат жыйын өткөргөн.