Мындай мыйзам бузууларды мамлекеттик салык кызматы аныктады.
“Ак-Тилек” өткөрүү пунктунда (Ысык-Ата району) 20 субъектте жүк ташуу боюнча ыктыярдуу патенти жок экендиги аныкталган.
Аламүдүн районундагы “Ак-Жол” өткөрүү пунктунда мамлекеттик чек ара аркылуу эл керектөөчү товарларды ташыган 11 субъекттен бузуулар аныкталды. Алсак, 9 айдоочу транспорт каражаттары менен жүк ташуу боюнча көрсөтүлүүчү кызматка ыктыярдуу патенти жок жана салык органдарында каттоосуз иштеп жатышканы, дагы эки субъект транспорт салыгын төлөбөстөн иштеп жатканы белгилүү болду.
Панфилов районундагы “Чалдовар” өткөрүү пунктунда 10 субъект салык мыйзамын бузуу менен иштеп жатышканы анык болду, булар дагы транспорт каражаттары менен жүктөрдү ташууда ыктыярдуу патентти алышкан эмес.
Чоң-Капка” өткөрүү пунктунда (Манас району) 20 мыйзам бузуулар катталды.
Мында ишкердиктин 13 субъектисинде транспорт каражаттары менен жүктөрдү ташууда ыктыярдуу патенти болгон эмес. 4 субъектте жүктүн наркын 233,3 миң сомго (7 тонна күн карама майын 132 миң сомго, 24 тонна ундун наркын 101,3 миң сомго) төмөндөтүп көрсөтүү фактысы катталды.