Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн кыргызстандыктарды мамлекеттик тил күнү менен куттуктады.

Анын айтымында, бардык мамлекеттик мекемелерде кыргыз тили негизги ролду аткара баштады.

Манастын тилин үйрөнүүгө далалат кылган башка улуттагы мекендештер саны көбөйүп баратат. Ошондой эле «саясый, юридикалык, аскерий, медициналык, кыскасы, дээрлик бардык тармактар боюнча сөздүктөрдүн чыгууда. Википедия баш болуп, социалдык бардык түйүндөрдөн кыргызча адабияттардын, макалалардын кеӊири орун таап жатат. Чынында эле “Манас” эпосундай мухитти жараткан тилдин келечеги кеӊ»,- деп жазылган куттуктоодо.

Мындан тышкары, ал Кыргызстанда көп тилдүүлүктү да өнүктүрүү зарыл экенинин кошумчалады.