Кечээ БУУнун башкы ассасблеясынын 71-сессиясында тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев ЕККУнун башкы катчысы Ламберто Занньер менен жолукту.

Эки тараптуу жолугушууда ТИМ министри КРдин расмий делегациясынын бир катар кайрылууларына карабай, ЕККУ кылмышкер Кадыржан Батыровго жыйынга катышууга жана сөз сүйлөөгө мүмкүнчүлүк берип жатканына нааразычылыгын айтты.

ТИМдин маалыматы боюнча КРдин делегациясы «адам чендери боюнча ЕККУнун жыйынында» дагы бир жолу чыгып, Кадыржан Батыровго берилген мүмкүнчүлүк боюнча дагы бир жолу каршылыгын билдирген.

Делегация аталган уюмдун адам укуктары жана демократиялык институттар боюнча бюросуна кылмышкер мындан ары ЕККУнун жыйындарына катыштырылбасын деген талап койду. Андан сырткары уюмдун атына Кыргызстан тараптан Батыровду Варшавада өтө турган ЕККУнун жыйына катыштырбоосун өтүнгөн вербалдык нота жиберилди.