Баш трансплантациясы буга чейин жаныбарларга жасалып келген. Аталган операция 2017-жылдын декабрында адамга жасалуусу пландалууда.
Баш трансплантациясы деген эмне?
Трансплантация кадимки хирургиялык жол менен жасалуучу операция. Башкача айтканда операциянын негизинде бир организмдин башын башка денеге коюу.
Ал буга чейин маймылга, итке жана келемишке жасалган. Азырынча жаныбарларга гана жасалып, адамга жасалган учур кездеше элек.
Мындай операцияны кыйындаткан нерселердин бири ажыраган жүлүн мээни кайра бириктире турган технологиянын жоктугунда. Эгер ал туура эмес болуп калса, жасатып жаткан адам квадриплегия оорусуна чалдыгып (эки кол жана эки бут шал болуп калат), булчуңдары иштебей калышы мүмкүн.
Баш алмаштыруу операцияга чейин эле квадриплегия менен жабыркаган, кайсы бир органдары иштебеген же оорулуу, ошондой эле көп ирет хирургиялык операция жасатууга мажбур адамдарга ылайыктуу. Бирок, ушул убакка чейин адамга мындай операция жасап, эч ким тобокелдикке барып көрө элек. Андан сырткары, баштын трансплантациясы этикалык көз караш менен караганда көпчүлүк окумуштуулар тарабынан жактырылбайт.
Мурунку-кийинки тажрыйбалар
1908-жылы америкалык физиолог Чарльз Клод Гатри дүйнөдө биринчи жолу бир иттин башына дагы бир иттин башын кошуп операция жасап көргөн. Ал артерияларды биринчи жармашылган баштан айланып, анан кадимки башка кете тургандай кылып жасаган. Гатри кошулган баштан көздүн карегинин айланганын, таноолорун жана тилин кыймылдатканын байкаган.
1950-жылы совет трансплантологу Владимир Демихов тажрыйба жүргүзүп, 20 чоң иттин башынын үстүнө 20 күчүктүн башын астынкы буттары, өпкөсү жана ашказаны менен кошо көчүргөн. Эки баштуу иттер 2 күндөн 6 күнгө чейин жашашкан.
1970-жылы англиялык окумуштуулардын тобу бир маймылдын башын экинчи маймылга көчүрүшкөн. Операция ийгиликтүү өтүп, жаныбардын айрым органдары иштөө калыбына келген. Ал бир аз жашап, врачтардын бирөөнү тиштегенге аракет жасаган.
2002-жылы Жапонияда окумуштуулар келемиштердин башын алмаштыруу боюнча бир нече эксперимент жасашкан. Алар трансплантациядагы ийгиликтин сыры температуранын муздактыгында экенин белгилешкен.
Полиэтиленгликоль жана хитозан сыяктуу фьюзогендер жүлүн мээнин калыбына келерин немец окумуштуулары далилдеп, келемиштерге колдонгондо алар бир ай дегенде кыймыл-аракет жасап кетишкен.
Адам баласынын башын алмаштырууда мээни өтө муздатуу дурус. Анткени, нейрон активдүүлүгү тоңдурулуп, алар өлүп калуудан сакталып калат деп айтылат.
Канаверонун трансплантацияга карата пландары
2013-жылы италиялык нейрохирург Сержо Канаверо адам башын трансплантациялоону пландап жатканын айткан. Ал да фьюзогендерди колдонуу менен жүлүн мээни бүлүндүрбөй сактап калса болот деп эсептейт.
Канаверо мындай операцияга 100гөн хирургдардын командасы жана операция үчүн 36 сааттык убакыт керек болорун, кеминде 12,8 млн доллар каражатка бааланарын айткан.
Ал операциясын ишке ашыруусу үчүн ага ыктыярчы донор керек болоору маалым. Башын алмаштырууга орусиялык 30 жаштагы программист Валерий Спиридонов макулдугун берген. Программит булчуң атрофиясы менен ооруйт. Алардын операциясы 2017-жылдын декабрь айына пландалууда. Канаверо болсо медициналык технологиянын деңгээли жогору болгондуктан, операция Германияда жасалышы керектигин айткан.
Донор операциядан коркпойт
Быйыл Канаверо баш алмаштыруу боюнча ийгиликтүү операция жасаган. Ал интернетте операциядан кийин кадимкидей жашап кеткен келемиш жана иттердин видеосун жүктөгөн. Операция жөнүндө ал жаныбарлардын нейрондору өлүп калбаш үчүн полиэтиленгликоль колдонгонун айткан.
Баш алмаштыруу аракети 2017-жылга пландалып жатканы менен Канаверо операциянын толук ишке ашырыларына кепилдик бере элек. Жөн гана пландап, даярдык көрүп, ниеттенип жатканын айтат.
Ал эми операция жасата турган Спиридонов болсо, ММКларга эч кандай даярдыктар көрүлө электигин айтат.
«Мен операциядан корккон жокмун. Коркконго деле убактым жок. Канверо деле эч кандай даярдык сунуштарын айта элек», — дейт ал.