Бүгүн парламенттин аградык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында “Жер казынасы жөнүндө” мыйзам долбоорунун концепциясы талкууланды.

Мыйзам долбооруна баяндама жасаган КСДП фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаевдин айтымында, экономиканы өнүктүрүү боюнча улуттук долбоорлорду ишке ашыруу максатында, ЖКнын макулдугу менен жер казынасын пайдалануу укугун конкретүү жакка конкурстарды жана аукциондорду өткөрбөстөн берүүнү КР Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарына киргизүү каралып жаткандыгын белгиледи.

Талкууда жыйынга чакырылган айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги менен айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин өкүлдөрү кен байлык жайыт жерлерден же токой чарбасындагы жерлерден чыгып, ал жерлерди иштетүүгө конкурссуз берүү маселеси боюнча өз пикирлерин билдиришти.

Айрым депутатттар жайыт жерлери деградацияга учурабайбы деген кооптонууларын ортого салды. Депутат Рыспаевдин пикиринде, мындай жерлерди ишетүүгө берүү убактылуу гана нерсе, инвестор кен иштетип бүткөндөн кийин ал жерди калыбына келтирүүгө (рекультивациялоо) милдеттеририлет. Мында баалуу жерлер жөнүндө сөз жок.

Жыйынтыгында депутаттардын пикирлерин эске алуу менен мыйзам долбооорунун концепциясын жактыруу чечими кабыл алынды.