Бүгүн ЖК төрагасы Чыныбай Турсунбеков бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Аскарбек Шадиевди кабыл алды.
Жолугушууда 2017-жылга карата республикалык бюджеттин параметрлери талкууга алынды.
Шадиев маалымдагандай, «2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоору парламенттин тармактык комитеттеринде кароодон өтүп жатат.
Турсунбеков 2017-жылга карата республикалык бюджетте сунушталган таңсыктыктын көлөмүн азайтуу жана мамлекеттик казынадагы чыгашаларды оптимизациялоо максатында мыйзам долбоорундагы айрым беренелерди кайрадан карап чыгууга чакырды. Ошондой эле төрага мектептердин, ооруканалардын курулушу сыяктуу социалдык сектордогу бүтпөй калган долбоорлорго артыкчылык берилип, курулуштарды бүткөрүү башкы максат болушу керектигин баса белгиледи.
Андан тышкары, жолугушууда бюджеттин киреше бөлүгү, анын ичинде, бажы жана салыктык түшүүлөр тууралуу сүйлөштү.