Бул маселени ЖК жыйынында “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров парламентте көтөрдү.
Анын айтымында, малды идентификациялоо күзүндө башталмак. Бирок дагы деле баштала элек.
Ал өкмөттөн тиешелүү комитетке бул маселе тууралуу маалымат берүүнү талап кылды.
Идентификация − бул ЕАЭСдин курамындагы өлкөлөргө эт-сүт азыктарын экспорттоого шарт түзөт.