Интернет тарифи мурунку эле бойдон калаарын монополияны жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Болсунбек Казаков басма сөз жыйынында айтты.
Кечээ кыргыз-казак интернет операторлор жолугуп, ушундай чечимге келишкен.
Буга чейин коомчулукта интернетке болгон баа кымбаттай турганы айтылган. Премьер-министр бул маселени чечүү үчүн монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине жана байланыш комитетине тапшырма берген.
Кыргызстан Евразиялык экономикалык комиссиянан бааны жогорулатууга жол бербөөнү суранган.