Мыйзамга ылайык, ички дүӊ өнүмгө карата мамлекеттик карыздардын көлөмү 60 пайыздан ашпоого тийиш.
Ушу тапта Кыргызстандын мамлекеттик карызы 3,8 млрд долларга жеттти. КСДП парламенттик фракциясы кезектеги жыйынынын жүрүшүндө ушундай чечимге келди.
Фракция мүчөлөрү бюджетте каралган тышкы карыздарды жабуу каражаттарынын өлчөмүнө кызыгып, бул багытта кандай аракеттер жасалып жатканы тууралуу собол салышты. Каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоков 2016-бул багытта жылдын бюджетинде 20 млрд сот каралганын, анын ичинде 11 млрд сом ички карыздарды, ал эми 9 млрд сом тышкы карыздарды жабууга жумшала турганын билдирди.
Фракция башчысы Иса Өмүркулов 2017-жылдын бюджетинин долбоору каралганга чейин мамлекеттик карыздардын тейлөө абалы, алардын бир бөлүгүн жоюу багытында жүргүзүлүп жаткан сүйлөшүүлөр, анын жыйынтыктары тууралуу Өкмөттүн маалыматын угуу зарылдыгын белгиледи.
«Биз жаӊы бюджет долбоорун кароодо өлкөнүн мамлекеттик карыздарынын азыркы абалы тууралуу так маалыматка ээ болушубуз керек», — деди ал.