17-октябрда Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт.

Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын айрым жерлерде күтүлөт.

18-октябрда күндүн экинчи жарымында жана 19-октябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан карга айланышы күтүлөт, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана тоо этектеринде, тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. 

Мындай жаан-чачындын аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Абанын температурасынын абдан төмөндөшү жыйналбаган жашылчага, мөмө жемиштерге жана  казылып алынган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.