Былтыр 2014-жылкыга салыштырмалуу жумуш берүүчүлөр бир топ азайды. Буга Кыргызстандагы каатчылык таасирин тийгизүүдө. Бул тууралуу эмгек рыногун изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча баяндамада айтылды.

Анализди жүргүзгөн германиялык эл аралык кызматташтык коомунун адиси Чолпон Каракул кызынын айтымында, экономикалык кризис жумуш берүүчүлөрдүн шарттарын бир топ оорлотту. Мындан улам, жаңы иш орундарынын түзүү 2014-жылдагыдай темпте болгон жок.

Деген менен, айрым тармактарда жумушчу күчтөрдүн жетишсиздиги байкалат.

«Өзгөчө бажы жана салык тармагында көйгөйлөр бар. Мыкты адистер жетишпей келгени дагы деле маселе бойдон калууда», — дейт Чолпон Каракул кызы.

Ал былтыркы жылы эмгек рыногунда көзгө көрүнөрлүк өзгөрүүлөр болбогонун кошумчалады.

«Биринчи кезекте мектеп мугалимдери,  ошондой эле дарыгерлер, ашпозчулар жетишпей келет. Ал эми тигүүчүлөргө суроо-талап дагы деле көп болууда», — дейт адис.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, жыл башында өлкөдө орточо айлык 12 миң 848 сомду түзгөн. Эки жыл мурун ал 10 765 сомго барабар эле. Ал эми жумушсуздар 8 пайызды түзөт.