Вице-премьер-министри Гульмира Кудайбердиеванын жетекчилиги астында Кыргызстанда санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынында2016-2017-жылдары санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча биринчи кезектеги кечиктирилгис  иш чаралардын планы бекитилди.

Анда аналогдук телеберүүлөрдөн санариптик телеберүүлөргө өтүүгө байланышкан процесстерди  толугу менен жыйынтыктоону  комплектүү ишке ашыруу чаралары каралган.

«Бүгүнкү күндө республикада санариптик телерадиоберүүгө өтүүгө байланышкан  иш чаралардын комплекси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасына ылайык бекитилген. Азыркы кезде өлкөнүн  дээрлик  95 % калкы санариптик телеберүүлөрдүн сигналын кабыл ала алышат.  Азыркы учурда калктын  жеткиликтүүлүгүн  99,0 % чейин  жеткирүү,  кеңири камтуу   максатында иштер жүргүзүлүүдө – деди Кудайбердиева.

Анын сөзүнө караганда, санариптик берүүлөрдүн эфирдик каналдарынын Социалдык пакети калыптанып,  маалыматтык, музыкалык оюн-зоок, илимий-агартуучулук жана спорттук контент көрсөтүлгөн.

«Санариптик телеберүүгө өтүүгө даярдыктар боюнча суроолордун көпчүлүк бөлүгүн,  анын ичинде техникалык жагы дээрлик чечилгенин эске алып,  2017-жылдын 15-майында Кыргыз Республикасынын бардык аймагында аналогдук телеберүү өчүрүлөт. Аны менен бирге ресиверлерди сатып алуу жана орнотуу зарылдыгы жөнүндө кеңири маалыматтык компанияны өткөрүү тапшырылды, ансыз  санариптик сигналды кабыл алууга мүмкүн эмес», – деп белгиледи.