Бүгүнкү күндөн баштап расмий түрдө чыкканын ЖКнын отурумунда «Кыргызстан» фракциянын лидери Канат Исаев билдирди.

Фракция көпчүлүк коалициядан чыкканы айтылган.

КСДП билдирүү дагы жасаган.

«Биздин фракция коалицияны түзүү менен ал иштеген бардык мезгил бою теӊ укуктуу жана тең жоопкер өнөктөштүк маанайын арттыруу аракетин көрүп келди. Коалицияны бекемдөөгө аракет кылган Жогорку Кеңештин көптөгөн депутаттарына ыраазыбыз. Алардын жардамы менен өлкөнү өнүктүрүү жана туруктуулукту чыӊдоо үчүн көп нерсени жасоо мүмкүн болгонун билдиргибиз келет.  Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктары жана элибиздин жакшылыгы үчүн компромисстик чечимдерди таап келдик», — деп айтылат маалыматта.