Премьер-министр милдетин аткаруучу  Сооронбай Жээнбеков экономика тармактарын жана калкты алдыдагы 2016/2017-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдыгы боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйынында  ашууларда келип чыккан кырдаалга көңүл бурууну тапшырды.

Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, жол тармагынын кызматкерлери  автоунаалардын резинасына жана  асфальтка жараксыз материалдарды сээп жатышат.

«Мен жеке өзүм Долон ашуусунда жолдорго шагыл сээп койгонун көрдүм. Мындай болбошу керек. Бардык жолдорго кум гана себилиши зарыл», – деди премьер-министрдин милдетин аткаруучу.

Сооронбай Жээнбеков ашууларда дайыма кар көп жаай турганын, биринчи эле карда Төө-Ашууда көп унаа тыгындары болгонун жана атайын техникалардын кечигип келгенин айтты. Бул жагына айдоочулардын да кандайдыр бир күнөөсү бар экендигин жана жолдогу кыймылды жөнгө салып турган адистердин күнөөлүү экендигин кошумчалады.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу тиешелүү  бөлүмдөргө түзүлгөн өзгөчө кырдаалдар, аба-ырайынын өзгөрүшү жана жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштерине карата электр энергиясы өчүрүлө турган аймактар тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жардамы менен калкка жарыялап турууну тапшырды.

«Маалыматтык-түшүндүрүү иштери шаардагыдай эле алыскы аймактарга да керек», – деп сөзүн жыйнытыктады Сооронбай Жээнбеков.