8-9-ноябрда Бишкектин айрым көчөлөрүндө газ убактылуу өчүрүлөт.
«Газпром Кыргызстан» билдиргендей, оңдоп-түзө иштерине байланыштуу өчүрүлөт.
Жаратылыш газы Баялинов, Малиновая, Федоров көчөлөрүндө жок болот. «Газпром Кыргызстан» ыңгайсыздык жараткан үчүн кечирим сурайт.