АКШда байкоочулар латын америкалык шайлоочулардын арасында мөөнөтүнөн мурда шайлоо болуп көрбөгөндөй көп адамдын катышуусунда өтүп жатканын белгилешүүдө.

Associated Press кабарлагандай, кеминде 43,2 миллион киши 7-ноябрда эле добуш берип коюшкан. Добуштар саналып бүткөн соң алдын ал добуш берген шайлоочулардын санынын 50 миллиондон ашары күтүлүүдө.

Бул америкалык шайлоочулардын 40 пайызы 8-ноябрдагы шайлоо күнүнө чейин эле добуш берип койгондуктарын түшүндүрөт, деп билдирүүдө AP.

Мөөнөтүнөн мурда добуш берүүнүн рекорддун деңгээли 23 штатта жана Колумбия округунда катталды.