Техас, Монтана, Вайоминг жана Огайо штаттарынын шайлоочулары Трамп үчүн добуш беришти.

Демократтардын талапкери Хиллари Клинтон Калифорния, Нью-Йорк, Нью-Мексико, Колорадо жана башка чыгыш штаттарда жеңишке жетишти. Флорида, Огайо жана Мичиган шаттарында эки талапкердин ортосундагы айырма анча чоң болбойт деп күтүлүп жатат. Жеңишке жетүү үчүн талапкерлер шайлоочулар коллегиясынын 270 добушуна ээ болушу керек.

Азырынча Дональд Трамп шайлоочулар коллегиясынын 216 добушу менен алдыда. Ал эми Хиллари Клинтон 197 добуш топтоду.

Эки талапкер ортосунда президенттик так үчүн жүргөн катуу күрөш АКШдагы саясий айдың чоң ажырымга ээ болгонун көрсөттү.

Америкалыктар шайлоонун жыйынтыгында өлкөнүн 45-президентин эле эмес, Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын бардык 435 мүчөсүн жана 100 сенатордун 34үн да шайлашат.