ЖК жыйынында депутаттар жолдордогу авто кырсыктарды азайтуу боюнча бир катар сунуштарын ортого салышты.
«Республика — Ата-Журт» фракциясынын депутаты Нургазы Нышанов жол кырсыгынан улам миңдеген жарандар, өкүнүчтүүсү, балдар каза болуп жаткандыгына токтолуп, жол белгилеринин жетишсиздигин, жолдогу сызыктардын өчүп калгандыгын баса белгиледи.
“Жол белгилерин коюудан, жолдорго сызыктарды белгилөөдөн каражат аябасак”,- дейт депутат.
Ошол элек фракциянын депутаты Пархат Тулендыбаев коомчулукта болуп жаткан жол кырсыктарын азайтуу боюнча ар кандай акцияларды колдоого чакырды.
“Жол кырсыктарын азайтуу, болтурбоо боюнча айтылган сөздөр айтылган жерде эле калып жатат”,- дейт депутат.