Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Марк Тонер билдиргендей, АКШ орусиялык жарандар менен корпорацияларга киргизилген санкцияларды алуу ниети жок.
«Крымдын аннексиясы үчүн киргизилген санциялар жарым арал Украинага кайтаралып берилгенге чейин сакталат. Санкциялар орус экономикасына олуттуу таасир тийгизди. Кремлдин айрым аракеттери кыйла терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин Москва өзү дагы туюп турат», — деп айтылат маалыматта.