Тактап айтканда 1277 адам эркиндикке чыкты.

Мунапыс түзөтүү колонияларында, тарбия жана турак колонияларында кесилгендерге, тергөө абактарында жаткандарга карата колдонулду.

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына жана 1916-жылдагы Улуттук боштондук көтөрүлүшүнүн 100 жылдыгына карата мунапыс жарыяланган.

Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызматы билдиргендей, 104 киши жаза өтөөдөн бошотулган. Абактан же камалган жерден качып кеткен 10 киши эркиндикке чыкты.