КТРК башкы директору фейсбук баракчасына жарыялагандай, бул кадам секвестр иш чарасынын негизинде болду.
«Секвестр — бул өкмөттүн республикалык бюджеттин кирешесинен чыгашасы көп болгон учурда, чыгашаны азайтуу үчүн пропорционалдуу түрдө бюджеттин бардык чыгымдарын кайсы бир өлчөмдө кыскартуу иш чарасы боюнча кадамы. Албетте КТРК жалгыз болгон жок, секвестр ыкмасына башка мамлекеттик органдар дагы кабылды. Бирок КТРКга бул секвестр оңой болбойт, себеби бул КТРКнын жалпы бюджетинин 10% же 2016 жылдын калган бюджетинин 30% түзөт», — деп жазган.
Ал кабарлагандай, мындай нерсенин кесепеттери болбой койбойт.
«Азыркы учурда КТРКнын тиешелүү жооптуу кызматкерлери жана бөлүмдөрү менен бирге бул кырдалдын кесепеттерин КТРКга анчалык оор тийгизбөө боюнча жолдорун иштеп чыгуудабыз. Кесепеттери болот, болбой койбойт. Чыгымдарды ыраатташтыруу, кыскартуу ыкмалары болот. Мындан тышкары структуралык жана башка өзгөрүүлөр дагы болушу мүмкүн», — деди ал.