Экс-депутат Турсунбай Бакир уулу соцтармак колдонуучусу Адилет Эшенгазиев менен диний көз карашы дал келбей мушташты.

Бакир уулу Эшенгазиевди жолугушууга чакырган.

Эшенгазиев баракчасына жазып чыккандай, экөөнүн ортосунда талаш чыгып, ал экс-депутатты «маңкурт» деп атаган. Бакир уулу ага кол көтөргөн. Андан кийин милиция чакырган.

Ошол эле учурда экс-депутаттын айтымында, Эшенгазиев биринчи кол көтөргөндөн кийин ал жооп кайтарган.

Мындан тышкары, Бакир уулу азыркы учурда ооруканага жатуудан баш тартканын айтты. Бирок дарыгерлердин көзөмөлүндө.