Бүгүн ЖК жыйынында «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев оффшордук компанияга тиешеси жок экенин айтты.

«Азыркы учурда бийлик «Ата Мекен» фракциясынын депутаттарын каралагысы келип жатат. Матрешка-гейт окуясы кайталанып жатат. Мен бул иш боюнча комиссия түзүүнү сунуштайм», — дейт ал.

Буга чейин президент башкы прокуратурага оффшордук компанияга тиешеси бар депутаттарды текшерүү боюнча тапшырма берген.