Башкортостан, Чувашия жана Москвадагы кондитердик заводдор кыргыз жаңгагын сатып алуу боюнча келишимдерди түзүүдө. Буга чейин жаңгактар Иран, Туркияга экспортолуп келсе, быйыл Орусия менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
Өкмөттүн Жалал-Абаддагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгембердиеванын айтымында, 2015-жылы Жалал-Абаддан 40 тонна айыл чарба продукциясы экспортолуп, анын көпчүлүгүн жаңгактын маңызы түзгөн.
Бул жылы Жалал-Абадда былтыркыга салыштырмалуу жаңгак бактары жакшы бүчүр байлагандыктан, экспортту 3 эсе көбөйтүү пландары бар экенин облус жетекчиси кошумчалай кетти.