Түркия бийлиги өлкөдөгү төңкөрүш жасоо аракетин иликтөөнүн алкагында дагы 15 миң мамлекеттик кызматкерди жумуштан алды.

Ушуну менен иштен алынган аткаминерлер менен аскер кызматкерлеринин жалпы саны 110 миңден ашты. Алардын арасында соттор, университеттин декандары менен окутуучулары, аскерлер жана журналисттер бар.

Кызматтан алуулардын кезектеги толкунунда эки миңге жакын аскер, жети жарым миң полициячы, 500 жандарм жана башка мекемелерден беш миңге чукул мамкызматкер иштен айдалды.

Андан сырткары тогуз маалымат каражатынын жана 500 түрдүү уюмдун, анын ичинде 17 кайрымдуулук уюмдун жабылганы айтылууда.

Ушул жылдын июлунан бери Түркияда жалпысынан 37 миң киши камакка алынды, алардын арасында оппозициялык Cumhuriyet гезитинин жана башка бир нече басылманын журналисттери, ошондой эле оппозициялык маанайдагы күртчүл «Элдик демократиялык партиянын» лидерлери да бар. Андан сырткары өлкөдө мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракетине тиешеси болгон деп шектелген кутумчулар үчүн өлүм жазасын киргизүү ыктымалдыгы талкууланууда.