Казакстанда соттолуп жаткан жарандык активисттер  Макс Бокаев менен Талгат Аян жарыш сөз учурунда сүйлөөдөн баш тартышты.

Прокуратура аларды сегиз жылдан түрмөгө кесүүнү сурады. Активисттер кастыкты козутууга, жалган маалымат таркатууга, мыйзамсыз митинг уюштурууга айыпталышууда. Алар күнөөлөрүн четке кагышууда.

Сот айыпталуучуларды жарыш сөзгө катышууга чакырды. Макс Бокаев жарым жылдан бери укук коргоо органдары Талгат Аян экөөнө ар кыл кылмыштарды жүктөп, бийликти күч менен басып алууга чейин айыпташканын айтып, сөз сүйлөөдөн баш тартты. “Куугунтуктоо учурунда 1937-жылы атайын кызмат колдонгон бардык ыкмаларды колдонушту: энелерибиздин эшигин талкалап, үйлөрүнө кирип барышты, коркутушту, тинтүү жүргүзүштү, жеке жашоого кийлигишти. Бирок Талгат экөөбүз Конституцияны бузгандыгыбыз боюнча далил табышкан жок. Андыктан 73 томдук иш – бул жөн гана макулатура”, -деди Макс Бокаев. Талгат Аян дагы күнөөсүн моюнга алган жок.

Прокурор активисттер жер маселесине байланыштуу өз пикирлерин

билдиришкени үчүн соттолуп жатышкан жок деп эсептейт. Анын айтымында, Бокаев менен Аян акимчиликтин уруксаты жок аянтка чыгып, бийликти бардык ыкма менен каралоого аракет жасашкан. Элдердин патриоттук сезимдери менен ойноп, келечек муун кытай тилинде сүйлөп, кытай паспорту менен жүрүп калат деп коркутушкан.

Мамлекеттик айыптоочулар Макс Бокоевди жалпысынан сегиз жылга түрмөгө кесүүнү жана үч жылга коомдук иштер менен алектенүүгө тыюу салууну сурашты. Талгат Аяндын кичинекей балдары болгондуктан прокурор алты жыл сегиз ай жаза чегерүүнү сурады. Бирок белгилүү ишкер Тохар Тулешовдон митинг өткөрүү үчүн каражат алгандыгына байланыштуу жыйынтыгында ага дагы сегиз жыл берүү жана үч жылга коомдук иштер менен алектенүүгө тыюу салуу зарылдыгы белгиленди. Мындан тышкары соттолуучуларга 530 миллион 250 мин теңге (1,6 миллион доллар) айыппул салууну сурады.

Жактоочулар активисттерди кылмышкер деп атоо туура эместигин айтышты. Алар бир жарым айдан берки соттук териштирүү маалында жүздөн ашык өтүнүч берилгенин, бирок алардын көпчүлүк бөлүгү канааттандырылбай калганын эске салышты.