Ош шаарындагы Ак-Тилек кичи районунда 150 орундуу оорукананын капсуласы салынды.
Иш-чарага президенттик аппараттын жетекчисинин 1-орун басары Аалы Карашев, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Кытайдын Ош шаарындагы башкы консулу Сун Лицюнь, шаардык кеңештин депутаттары, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаардыктар катышты.
Калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев оорукананын курулушу май айында башталгандыгын айтып, бир гана шаардыктар үчүн эмес жалпы түштүк аймагындагы калкка кызмат кыла тургандыгын белгиледи.
“Ак-Тилек кичи районундагы Кытай мамлекетинин каржылоосу менен курулуп жаткан 150 орундуу оорукана үстүбүздөгү жылдын май айында башталган, ири долбоордун бүтүшүн 2018-жылдын үчүнчү кварталына пландап жатабыз. Заманбап оорукана 3 корпустан туруп, галерея аркылуу бириктирилет. Медициналык жабдуулар, тез жардам унаалары менен камсыздалат. Бул долбоорго жалпысынан 2 млрд. сомдун тегерегиндеги каражат жумшалат”, — деди Кадырбаев.