Бейшембиде Украинанын түштүгүндө ракеталык атууларды камтыган аскердик машыгуу башталды.
Сыноого согуштук жана транспорттук авиация, зениттик-ракеталык жана радиотехникалык аскерлер жана учкучсуз авиация катышууда.
Украин ракеталары Крымга жакын зонада кое берилсе, аларды Орусиянын абадан коргонуу системасы атып түшүрөт. Бул боюнча Орусиянын Коргоо министрлиги эскертүү жөнөткөн.
Эскертүүдө ракеталар Орусиянын кургактагы, деңиздеги жана аба мейкиндигиндеги объектилерине коркунуч жаратса, жооп иретинде ракетаны кое берген жабдуулар жок кылынары айтылган.
Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков шаршембиде Орусиянын Коргоо министрлигинин Украинага жөнөткөн нотасында дагы ушундай эле көрсөтмө камтылганын билдирди.
Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Александр Турчинов бул коркутууларга жооп берди. Ал Москваны “долулугу жана чагымдары” менен машыгуу өткөрүүгө жолтоо болбоого үндөдү. Чиновник эл аралык келишимдерге ылайык, Орусиянын Кара деңиздеги суверендүү аба мейкиндиги Керчен кысыгынын ортосунда бүтөрүн баса белгиледи.