Президент Алмазбек Атамбаев Таиланд падышасын Маха Вачиралонгкорн Бодиндрадебайаварангкунду такка отурушуна байланыштуу куттуктады.
Куттуктоо телеграммасында мамлекет башчысы кыргыз-таиланд достук мамилелеринин жана эки өлкө ортосунда өз ара пайдалуу кызматтыштыкты өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө даярдыгын билдирди.
Атамбаев ага чыӊ ден соолук, бакыбаттык жана мамлекеттик ишине чоӊ ийгиликтерди каалады.