Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн Жалал-Абад облусу боюнча жумушчу сапарынын алкагында Базар-Коргон жана Ноокен райондорунда Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун каражаттарын тартуу менен айыл чарба тармагында ишке ашырылып жаткан долбоорлордун жүрүшү менен таанышты.
Алсак, Ноокен районунун Бүргөндү айылында өкмөт башчы «Щедрая Долина» айыл чарба кооперативинин күнөсканасынын иши менен таанышты.
Анын жетекчиси Иманбек Намазбеков маалымдагандай, күнөскана ишинде продукция жана үрөн өстүрүүдө голландиялык технологиялар пайдаланат. Ошондой эле тамчылатып сугаруу тутумун киргизүүдө чет өлкөлүк тажрыйбалар эске алынган.
Эки гектар аймакта жайгашкан аталган комплекске салынган каражаттын жалпы суммасы 750 миң АКШ долларын түзгөн. Аталган сумманын жарымы Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду тарабынан бөлүнгөн. Иманбек Назарбеков ошондой эле Өкмөт башчынын көңүлүн жергиликтүү дыйкандар дуушар болуп жаткан бир катар көйгөйлөргө бурду. Тактап айтканда, ал насыя алууда күрөө менен камсыздоо жана жер тилкелерине ижара мөөнөтүн узартуу зарылдыгы тууралуу маселелерди атады.
Ошондой эле Өкмөт башчы Ноокен районунун Масы айылындагы жалпы аянты 441 чарчы метрди түзгөн жашылча сактоочу жай курулуп жаткан «Рустамбек» фермердик чарбасынын иши менен таанышты. Курулуш ишинин аяктоосу менен кыш-жаз мезгилинде сатыла турган азык-түлүктөрдү сактоого шарт түзүлөт. Ишкана немис, кытай жана россиялык жабдууларды колдонууда.
Премьер-министр жогорудагы обьетилерди көрүп чыгып, дагы бир ирет ишкердикти өнүктүрүү үчүн Кыргыз- Россия өнүктүрүү фондунун каражаттарын активдүү пайдалануу зарылдыгын баса белгиледи. Өкмөт башчы эске салгандай, Учурда Фонд өлкөдөгү бизнес тармагын насыялык каржылоо боюнча активдүү иштерди алып барууда.
Буга байланыштуу ал жер-жерлердеги айыл чарба тармагында долбоорлорду ишке ашырууда аталган Фонддун каражаттарын тартуу үчүн сабаттуу жана натыйжалуу бизнес-план түзүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду.
Өкмөт башчы Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айылындагы «Сымай-Гыда» ААК ишмердүүлүгү менен таанышты.
Ишкана картон кагаздарын, бут кийим жана жуучу каражаттарды чыгаруу менен алектенип, 45 кишини жумуш орду менен камсыз кылат. Продукциялар Россия, Казакстан, Тажикистан жана Түркияга экспорттолот.
Соңунда Сооронбай Жээнбеков кичи жана орто ишкердиктин өнүгүүсү жалпы өлкөнүн жана аймактардын экономикасына жагымдуу таасирин тийгизерин баса белгиледи. Ал буга байланыштуу жергиликтүү бийлик бизнес тармактары менен тыгыз байланышта иштөөсүн, жер жерлерде ишкердикти өнүктүрүүгө жагымдуу шарттарды түзүүдө иш чараларды алдыга жылдырууну жана жергиликтүү фермерлер менен дыйкандарга болгон тоскоолдуктарды алып салууну тапшырды.