9-декабрда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондорунун жолдорунда кар көчкү түшүүсү мүмкүн.
Мындай маалыматты ӨКМ билдирди.
Аталган маалыматка таянсак, Бишкек-Ош унаа жолунун (Төө-Ашуу ашуусу) 121-138, (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) 198-265 чакырымдары, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолундагы 65-90 чакырымдары, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 65-90 чакырымдары, Каныш-Кыя-Кызыл-Адыр унаа жолунун 75-82 чакырымдары, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымдары жана Нарын-Казарман унаа жолунун (Кара-Көө ашуусу) 67-94 чакырымдарындагы (Ийри – Суу участкасынын 42-44чм) жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 45-92 чакырымдары жана Барскон-Ак-Шыйрак унаа жолунун Сары-Мойнок ашуусу жана Сөөк ашуусундагы (60-68 чакырымдары) унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт.
Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.