Кыргыз келиндери илгертеден бардык үй оокаттарына тың, эпчил, тамакты даамдуу жасаган, ыймандуу болушу керек деген түшүнүк калыптанып калган. Кыз бала башка үйгө келин болуп барганда чоң сындан өтөт эмеспи. Бирок Кыргызстандын 7 дубанында ар кандай сындан өткөрөт экен.
Нарын
Нарындыктарга келин болом дегендердин кулагына күмүш сырга, малдын ичегисин артканды жана андан жасалуучу бардык тамактарды билип алганыңыз шарт. Себеби нарындыктар келиндерди ушундай жол менен сыноодон өткөрөт.
Талас
Барганыңызда дароо эле кайын журтка жукалыгы “гезиттей” камыр жайып гүлчөтай жасап берсеңиз, анда эле сиздин жеңишиңиз.
Ош
Ошко келин болгондор үрөң-бараңда туруп, бүт короону шыпырып чыгууга милдеттүү. Эгер сиз таза, тыкан болсонуз анда кайын журтту колго алганыңыз.
Жалал-Абад
Жалал-Абадка келин болуп барганыңызда сизге өзгөн ашын бастырат. Ашыңыз “рисовая каша” болбошу абзел.
Баткен
Бул дубанга келин болоордон мурда көк чайды демдөөнүн сырларын жакшылап билип алыңыз. Бал, набатын аралаштырып чайын демдеп берсеңиз сындан жеңил өтүп, бат эле «жакшы келин» деген атка коносуз.
Ысык көл
Көлдүктөр болсо жаңы келинди чай куйдуруп сындашат. Жаркылдап, кабагым-кашым дебей, ысык чайдан берип турсаңыз кайын журт сиз жакта.
Чүй
Чүйлүктөр орус сыяктуу болуп, көп нерсеге маани беришпейт. Андыктан алар мүнөзүңүздү сындашат. Сиздин кыялыңыз ачык-айрым, жаман оюуңуз жок, майда-чүйдө нерсени байкамаксан болуп, койсоңуз анда сиз «эрке шаардык келин» болосуз.