Президент Алмазбек Атамбаев  Каирдеги терактынын кесепетинен көп адамдар курман болгондугуна байланыштуу Египет президенти Абдель Фаттах Аль-Сисиге көңүл айтты.

«Кыргызстан бардык түрдөгү терроризмди чечкиндүү айыптайт жана эл аралык коомчулуктун бул коркунучка каршы туруу аракеттерин колдойт», — деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Атамбаев курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, бардык жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин каалады.