Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын Транспорт башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нурлан Атыканов  бүгүн “Парламент” радиосуна курган маегинде билдирди.

Адистин айтымында, транспорттук карталар чыгарылып, ага жүргүнчүлөр телефонго бирдик жүктөгөндөй эле каражаттарын топтоп, жол кире акыларын төлөө мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушат. Кириштелген каражаттар валидатор аркылуу жөндөлүп турат.

Андан тышкары ар бир жүргүнчү өзүнүн андроид системасы бар уюлдук телефону болсо, анын жардамы менен автобус, троллейбус каттамдарынын аралыктарын тактап алса болот. Мындай график он-лайн режиминде улам жаңыртылып, тааныштырылып турат. Бул жакынкы 1-2 айдын аралыгында ишке кире турган долбоор.

Ошондой эле коомдук транспорттордо “Абайлагыла эшик ачылат!” деген сыяктуу автоматтык түрдө коопсуздук эрежелерин эскерткен кулактандыруулар жарыяланат. Ар бир келген аялдаманын дарегин айтып, тааныштырып турган бир кездеги салт кайра калыбына келтирилет. Болгону буга азыркы спутниктик ыкма жардамга келет,- дейт Атыканов.