Жогорку Кеӊеште автоунаа каражаттарын сатып алуу жана коомдук транспорт менен камсыз кылуу стратегиясын иштеп чыгуу аркылуу ордо калаанын инфратүзүмүн жакшыртууга багытталган Кыргызстан менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы насыялык макулдашуу боюнча ратификациялык мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Азыркы учурда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын линиясы боюнча 15,6 миллион евро өлчөмүндө каржыланган Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү долбоорун ишке ашыруу мөөнөтү аяктоодо, анын ичинен насыялык каражаттар 10,1 млн еврону, гранттык каражаттар 5,5 еврону долларын түздү. Бул долбоор 2012-жылы ишке ашырыла баштаган.
Долбоордун алкагында 79 жаңы троллейбус, 5 бирдик көмөкчү техника, байланыш өткөргүчү, күч кабели, тартуучу көмөк-чордондор үчүн жабдуулар жана башка материалдар сатылып алынды. Бирок, унаа дагы эле жетишсиз. Ошондон улам, долбоорду улантуу жана кошумча 8,424 млн евро көлөмүндө каржылоо жөнүндө макулдашууга жетишилди. Анын ичинде 1,2 млн еврого 50 троллейбус сатылып алынмакчы. Насыя 10 жылдык мөөнөткө берилет, анын алгачкы 2 жылы жеӊилдетилген мөөнөт болуп саналат. Долбоор 2017-жылдын 31-декабрында аяктайт.
Бишкектин вице-мэри Геннадий Милицкийдин айтымында, Бишкек шаары үчүн жок дегенде 300 автобус сатып алууга тийиш, азыр автоунааларды лизингге алуу чаралары көрүлүүдө.
“Көчөдө автоунаа көп. Азыркы учурда ордо калаада 180 троллейбус, 3 миӊден ашуун мироавтобус жүргүнчү ташыйт. 1 троллейбусс 4 микроавтобусту алмаштырат. Борбордун көчөлөрүндөгү автоунаалардын санын азайтуу үчүн кеминде 600 троллейбус керек”, — дейт ал.