БУУ, ЕККУ, АКШ, Улуу Британия, Франция жана башка бир катар өлкөлөр Орусиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карловдун өлтүрүлүшүн айыпташты.

Ал Анкарадагы куралдуу кол салуудан алган жараатынан улам каза болгон.

Элчиге Анкарада өтүп жаткан «Орусия түрктөрдүн көзү менен» аттуу сүрөт көргөзмөсү маалында кол салуу болгон.

Haber Turk порталынын маалыматы боюнча элчини Анкара полициясынын мурдагы кызматкери өлтүргөн. Ал быйыл жайында болгон Түркиядагы мамлекеттик төңкөрүш аракетин иликтөөнүн жүрүшүндө жумуштан алынган. Кол салуу маалында ал Сирия жана Алеппо үчүн өч алып жатканын айтып кыйкырган. Окуядан көп өтпөй полиция тарабынан өлтүрүлгөн.

NTV түрк телеканалы кол салуудан дагы 3 киши жаракат алганын билдирди.

62 жаштагы Андрей Карлов 2013-жылдан бери Орусиянын Анкарадагы элчиси болуп иштеп келген.