Индияга мамлекеттик визиттин алкагында президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн Индиянын вице-президенти Хамид Ансари менен жолукту.

Жолугушууда эки өлкө элдеринин ортосундагы тарыхый байланыштарды, ошондой эле Кыргызстан менен Индия ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү үчүн бекем база түзүлгөнүн эске алуу менен Атамбаевдин мамлекеттик визити ар кыл багыттар боюнча кыргыз-индиялык байланыштарды өнүктүрүүгө түрткү болору тууралуу бир пикирден белгиленди.

Өз кезегинде Атамбаев биринчи кезекте соода-экономикалык кызматташтыкты илгерилетүүнүн зарылдыгын белгилеп, кеңири спектрдеги маселелер боюнча өз ара аракеттешүүнү активдештирүүнүн зарылдыгын белгиледи.

Атамбаев жана Индия вице-президенти Хамид Ансари ошондой эле эл аралык жана регионалдык маанидеги олуттуу маселелер боюнча жана аймактагы диний абалдын өнүгүү тенденциялары, анын ичинде терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүүгө байланыштуу маселелер жөнүндө пикир алмашышты.