Эгер кененин башы денеде калып калса, энцефалит вирус сакталуу бойдон калат. Бул абдан коркунучтуу, дарыгердин көзөмөлүндө болуу шарт. Себеби кене 3-4 эсеге чоңоёт.

Мындай маалыматты Saat.kgге улуттук хирургия борборунун бөлүм башчысы Абдрасул Калжикеев билдирди.

Анын айтымында, эң коркунучтуусу жабыркагандар үйдөн, элдик дарыгерлик ыкма менен дарылап жаткандыгында.

“Кене чагып алгандан кийин 1-2 жумадан кийин баш катуу ооруп, дененин температурасы 39 градуска чейин жогорулайт. Ошондой эле жүрөгү айланып, куса баштайт. Андан тышкары моюндун булчуңдары, арка-бел, ийин ооруйт”, -дейт А. Калжикеев.

Ошондой эле бөлүм башчы талаага, токойго сейилдөөгө чыкканда жеңи жана багалеги узун кийимдерди кийүү керек экенин кошумчалады.

Кенелер жаз, жай айлары көбөйгөн учур. Бул мезгилде алар ит, мышык жана адамдардын кандары кан менен азыктанышат.