Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков санариптик телерадиоберүүгө өтүү программасын ишке ашыруу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Өкмөт башчы программа алкагындагы чараларды өз учурунда ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилеп, санариптик телерадиоберүүгө өтүү маалыматтык коопсуздукту жана жарандардын маалыматка жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча мамлекеттин артыкчылыктуу милдеттеринин бири болуп саналаарына токтолду.

Программаны ишке ашыруу боюнча биринчи кезектеги милдеттер тууралуу маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова жана маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев маалымат берди.

Айнура Темирбекова билдиргендей, өлкө санариптик телерадиоберүүгө толугу менен 2017-жылдын 15-майында өтөт. Бүгүнкү күндө санариптик телерадиоберүү менен өлкөнүн 95% калкы камтылган, алар санариптик телерадиоберүү сигналын кабыл ала алат. Анын айтымында, санариптик телерадиоберүүгө өтүүдө жалпы аймак тургундары Социалдык пакеттин 13 телеканалына карата жеткиликтүүлүк алат, алардын тизими Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому аркылуу бекитилген.

Бакыт Шаршембиев маалымдагандай, учурда «1212» республикалык түз байланышы иштейт, ал боюнча жарандар санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча суроолорго жооп ала алат. Ал белгилегендей, алыскы тоолуу калктуу пункттарды санариптик телеберүүгө өз учурунда кошуу максатында жергиликтүү бийликтин көмөгү аркылуу автоматтык телевизиондук ретрансляторлор орнотулат.

Кеңешме жыйынтыгы боюнча Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө өлкө аймактарындагы санариптик телеберүүгө өтүү программасынын ишке ашырылышын жеке көзөмөлгө алууну тапшырды. Ошондой эле Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети менен тыгыз байланышта жер-жерлерде маалыматтык-түшүндүрүү иштерин өткөрүүгө активдүү катышуу милдети коюлду.