Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков иш сапар алкагында Баткен шаарындагы Калкты тейлөө борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты.
Өкмөт башчы жарандарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн натыйжалуулугун жана ачыктыгын жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгиледи, анткени калк тейлөө сапаты аркылуу жалпы Өкмөттүн ишинин натыйжалуулугун баалайт.
Сооронбай Жээнбеков эскерткендей, бюрократиялык тоскоолдуктарды алып салуу, коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоо максатында бардык мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр этап-этабы менен электрондук форматка которулат. Өкмөт жалпысынан 373 мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жана 96 уруксат берүүчү документтин түрлөрүн электрондук форматка өткөрүүнү пландаштырууда.
Премьер-министр мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жана ачык-айкындуулугунан жарандардын бийликке болгон ишеними көз каранды экендигине басым жасады.
Баткен райондук мамлекеттик катоо кызматынын өкүлү Болотбек Калыков маалымдагандай, аталган борбор Баткен шаарынын жана Баткен районунун калкын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз кылат.
Баткен шаарындагы калкты тейлөө борбору алдыңкы маалыматтык технологиялар менен жабдылган жана паспорт алууга арыздарды кабыл алуу, жашаган жери боюнча каттоого алуу жана андан чыгаруу, никеге турууну жана никенин бузулушун каттоо, аты-жөнүн өзгөртүүнү каттоо, мындан тышкары белгиленген тартипте паспорт берүүнү даярдоо жана даректик-сурап-билүү бюросу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жүргүзөт. Борбор күнүнө орто эсеп менен 200гө жакын жарандарды тейлейт. Анын ичинде Баткен райондук паспорттук-визалык жана каттоо иши, Баткен райондук ЖААК, даректик-сурап-билүү бюросу жана «Кыргызпочтасы» почта бөлүмү жайгашкан.